• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кытайдан баасы 1,4 млн сомдук курулуш краны мыйзамсыз алып келинген

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Кытайдан баасы 1,4 млн сомдук курулуш краны мыйзамсыз алып келинген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталган.

"Мунара краны" демонтаждалган товар Кытайдан Россиянын жараны Ш.М.П. дарегине жеткирилгени аныкталган.

Товар Түштүк-Батыш бажысынын "Иркештам" алдын ала бажы жол-жоболощтуруу жайы өткөрүү пункту аркылуу алынып келинген. Бизнес-Транс-Сервис БТЖга транзиттик декларацияга ылайык мунара кранын жеткирүү мөөнөтү 28.04.2023 чейин белгиленген. Бирок "Бизнес-Транс-Сервис" БТЖга товар жеткирилген эмес.

Бажы жыйымдарын төлөөдөн качуу мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 415 024 сом зыян келтирилген.

Факты тиешелүү органда каттоого алынып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий