• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муфтият халал индустриясын өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмүн ачты

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкөдөгү халал индустриясын өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмүн ачты

Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган бөлүмгө Бактияр Токтогазы уулу дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кол койду.

Мындан ары КМДБнын “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмү КР Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын халал индустриясы менен тыгыз кызматташып, халал иштерин шариятка ылайык өнүктүрүүдө мыйзамдын чегинде бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшамакчы.

Пикир

Оставить комментарий