• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жети облус бирден компьютердик томография жабдыктары менен камсыз болот - өкмөт башчы

Коом 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Өлкөнүн ар бир облусу бирден компьютердик томография жабдыктары менен камсыз болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Ар бир облуста компьютердик томография жабдыктарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Буга чейин Кыргызстанда 16 компьютердик томография иштесе, анын 12си Бишкекте, төртөө Ош шаарында болгон. Башка аймактарда компьютердик томография жабдыктары болгон эмес. Бүгүнкү күнү жети облустун ар бирин бирден компьютердик томография жабдыктары, ошондой эле санарип рентген аппараттары менен жабдуу иштери жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий