• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жалпы 857 стационар жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө — премьер

Өкмөт 0

Бишкек, 28.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстандын аймагында жалпы 857 стационар жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, стационарларды ачуу, орундуктардын санын көбөйтүү менен ал жерлерди дары-дармек, медициналык жабдыктар менен камсыздоо боюнча иштер аткарылууда.

“Учурда республика аймагында 857 стационар иштөөдө. Алардын 844ү күндүзгү стационар. Бул жерлерге жеңил жана орто оор абалдагы адамдар кайрылууда. Ошондой эле өлкө боюнча 13 түнкү стационар бар”, - дейт ал.

Боронов белгилегендей, акыркы күндөрү Бишкекте стационарларга кайрылгандардын саны кескин төмөндөдү. Бирок аймактарда абал оор бойдон калууда.

Белгилей кетсек, Бишкекте ооруп кайрылган жарандардын саны боюнча Бирини май району алдыда турат (24 миң 441 адам кайрылган), кийинки орунга Ленин району (20 миң 389 адам), үчүнчү орунда Октябрь району (15 миң 156 адам) жана Свердлов району (14 миң 16 адам) акыркы орунда.

Пикир

Оставить комментарий