• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин кайсы районунда стационарларга кайрылгандардын саны жогору? Мэриянын жообу

Коом 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. 28-июлга карата күндүзгү стационарларга 74 миң 2 адам кайрылганын Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооруп кайрылган жарандардын саны боюнча Бирини май району алдыда турат (24 миң 441 адам кайрылган), кийинки орунга Ленин району (20 миң 389 адам), үчүнчү орунда Октябрь району (15 миң 156 адам) жана Свердлов району (14 миң 16 адам) акыркы орунда.

Ал эми түнкү стационарларга жалпы 6 миң 952 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

“Стационарларга дарыгер, медайым, санитар, ординатор жана ыктыярчылардан турган топ иштөөдө. Күндүзгү стационарларда 225 медкызматкер, түнкү стационарларда 50 медик кайрылгандарга жардам көрсөтүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы суткада күндүзгү стационарларга 1 миң 988 адам кайрылса, алардын 1 миң 320сы инфузиондук терапиядан өткөн, 633үнө кеңеш берилген жана 15 бейтап ооруканага жаткырылган. Түнкү стационарларга 308 адам келген.

Пикир

Оставить комментарий