• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жарандыкка документтерди жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл алуу борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. 18-августтан тартып төртүнчү калкты тейлөө борборунда жарандык алуу боюнча этникалык кыргыздар жана жарандыгы жок кыргыз улутундагы жарандардын документтерин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл алуу борбору иштеп баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул аянтчада документтердин тизмеси жана арыздарды кароо тартиби боюнча кеп-кеңеш алууга да болот. Бардык арыздар «Жарандык» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу кабыл алынат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгын аткаруунун алкагында 2021-жылдын 21-июлунан тартып Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу боюнча этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу боюнча иштерди баштаган.

10-августка карата «Жарандык» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу 42 документ кабыл алынып, 2 документ макулдашууга жөнөтүлгөн.

Бул демилге 2022-жылдын 31-декабрына чейин созулат, КТБнун пилоттук долбоор түрүндөгү пункту зарыл болгондо жана жарандар кайрылганда иштейт.

Маалымат үчүн: 4-КТБ Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381 дарегинде жайгашкан. Жарандыкка кабыл алуу боюнча документтерди кабыл алуу пунктуна департаменттин 2 адиси бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий