• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башыда кыш чыгарган ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында кыш чыгарган ири ишкананынын ачылышы болуп өттү.

Ишкананын ачылышына өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов катышкан.

Жаңы ачылган ишкана күнүнө 20-25 миң даана бышкан кыш чыгара алат. Ишкананын ачылышы менен 50 киши жумуш оруну менен камсыз болгон. Алардын айлык маянасы 25-50 миң сомду түзөт. Ишкана чыгарган бир чийки кыштын баасы 3,8 сом жана бышкан кыштын баасы 6,5 сомду түзөт.

Ат-Башы районунун Нурбек Сатаровдун айтымында, жакында райондо касапкана ачылат жана жер-жемиштерди сактоочу ишканаларды ачуу иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий