• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгынан унаа оодарылып кетти (фото)

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта болжол менен саат 10:30да Бишкектин Абдрахманов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа жол кырсыгына учурады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынан бир унаа оодарылып кеткен. Оодарылып кеткен унаанын айдоочусу дарыгерлердин кароосунан өтүп, ооруканада жатуудан баш тарткан.

"Бишкекте өзгөчө абалдын киргизилгенине байланыштуу көчөлөрдө унаалар азайды. Бирок айрым айдоочулар автоунаалар аз болгондуктан жол эрежесин сактабай катуу ылдамдыкта жүрүүдө. Мындан улам жол кырсыгына учуроодо", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы, жарандарды жол жана өзгөчө абалдын эрежелерин аткарып, зарыл болбосо үйдө болууну, гигиена эрежелерин сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий