• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан Кытайдан кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алат - штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Республикалык штабдын тапшырмасына ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарын, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иштерди жүргүздү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-мартта 112 500 АКШ долларына ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттык сактоо министрлигине келип түшөт.

Буга чейин, Кыргызстанга 22 500 АКШ доллар суммасында ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест сатып алынып жеткирилген.

Ал экспресс-тесттерди сатып алуу КР Өкмөтүнүн эсебинен иш жүзүнө ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий