• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус 38 адамдан жаңы табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2-январга карата коронавирус дагы 38 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 32, Ош шаарында – 4, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 32 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 786 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 903 киши айыгып чыкса, 2 миң 804 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий