• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада коронавирустан беш адам көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 21-28-март аралыгында коронавирустан беш адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Каза болгон адамдардын ичинен COVID-19 лабораториялык негизде эки, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө үч жарандан аныкталган.

Адам өлүмүнө алып келген учурлар Бишкекте катталган.

Ал эми өткөн аптада, 15-21-март аралыгында COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген жети учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 200 миң 892 адам ооруга кабылып, 2 миң 985 жаран көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий