• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунун аймагында жарандарга беткаптар акысыз таратылууда

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында жарандарга беткаптар акысыз таратылууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустун бардык район-шаарлары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат өлүп, жергиликтүү тигүү цехтери менен келишим түзүп, элди акысыз беткап менен камсыздоодо. Ошондой эле аймактагы кесиптик лицейлер, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, үйдө олтурган ыктыярчы кыз-келиндер тарабынан тигилип, таратылууда.

Бүгүнкү күнгө Лейлек району 8 000, Кадамжай району 13 000, Баткен району 7000, Сүлүктү шаары 1 700, Баткен шаары 8 500, Кызыл-Кыя шаары 6 000 беткапты жергиликтүү тургундарга таратты, учурда дагы 5 000 беткапка буюртма берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү тарабынан беткап тигүү үчүн район-шарларга медициналык марлилер жиберилген.

Мындан сырткары, мамлекет тарабынан дарыгерлер, ишкерлер тарабынан элдер акысыз беткап менен камсыз болушту. Ошондой эле жер-жерлерде дарыгерлер үчүн атайын медициналык коргонуучу, көп жолу колдонуучу атайын кийимдер тигилип колдонууга даярдалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий