• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Экономика жана финансы министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы вакцина ала баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында КР Экономика жана финансы министрлигинин кызматкерлери COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын алышканы белгиленген.

Министрликтен билдиргендей, экономика министри Акылбек Жапаров парламентте болгондуктан эмдөөдөн өткөн жок.

Эмдөө 26-июлда министрликтин имаратында өттү.

Пикир

Оставить комментарий