• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 53 жаштагы аял каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 53 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу COVID-19 инфекциясына каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бейтап Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 5-апрелде оор абалда келип түшкөн жана кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган.

"Буга чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарттары бар болчу. Бул Кыргызстанда коронавирустан каза тапкан сегизинчи учур", - деп айтылат маалыматта.

Штабдан кошумчалашкандай, статистика боюнча маалыматтар өткөн сутка катары 23-апрелге кошулат.

Белгилей кетсек, 22-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 612 учуру катталды. Стационарда – 351, алардын ичинен реанимацияда – бешөө. 254 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды . Сегиз адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий