• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жөө өткөөлдөн окуучуларды өткөрбөй койгон милиция унаасынын айдоочусуна айыппул салынып, кызматтык иликтөө жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.10.19. /Кабар/. Жөө өткөөлдөн окуучуларды өткөрбөй койгон милиция унаасынын айдоочусуна айыппул салынып, кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милиция кызматынан белгилешкендей, бүгүн социалдык тармактарда "Бишкекте милиция унаасы жөө өткөөлдөн балдарды өткөрбөй, сүзүп кете жаздады" деген аталышта тасма тараган. Бул окуя көзөмөлгө алынып, кызматтык иликтөө башталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ал унааны жана айдоочуну дароо аныкташып, Жоруктар тууралуу кодекстин 123-1-беренесин бузгандыгы үчүн айдоочуга протокол түзүлүп, ага 3 миң сом айып салынган.

"Бул окуя боюнча ИИМдин Ички иликтөөлөр кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий