• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто 11 тонна кара куурай өрттөлдү

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айылында укук коргоо органынын кызматкерлери 11 тонна жапайы өскөн кара куурайды өрттөшкөн. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматында, Ош шаарынын сыртында жалпы салмагы 11 тонна болгон жапайы өскөн кара куурай аныкталып, толугу менен өрттөлгөн. Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу боюнча иштерди жүргүзүшкөн.

Кара куурайды таап, жок кылуу боюнча иш-чаралар бүтүндөй Ош шаарынын аймагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий