• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто 3 күндүн ичинде 5 жаран суицидге барууга аракет кылган, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Ошто 3 күндүн ичинде 5 жаран өз өмүрлөрүнө кол салууга аракет кылган, бирөө каза болду.

Ош ИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, бардыгынын себеби бирөө – үй-бүлөдө жана достордун арасындагы пикир келишпестик.

Алсак, 14-июлда Кулатов көчөсүндө 16 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирген. Учурда ооруканада.

15-июлда Муминов көчөсүндө 50 жаштагы эркек киши тууганынын үйүндө асынып алып, каза болгон.

Ошол эле күнү дары ичип алган 25 жаштагы кызды дарыгерлер куткарып калышкан.

Манас-Ата кичи районунда 21 жаштагы кыз ар кандай дары-дармектерди ичип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны да дарыгерлер куткарып калышты.

Оштун борборунда 21-жаштагы кыз 20 даана аспирин дарысын ичип алган. Дарыгерлер ал кыздын да өмүрүн сактап калышты.

Ак халатчандар өз өмүрүнө кол салууга аракет кылгандардын өмүрүн сактап калгандарына карабастан, көпчүлүгү өмүрүнүн аягына чейин майып болуп калышат.

Пикир

Оставить комментарий