• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө банктын кеңсесинен өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө банктын кеңсесинен өрт чыкты, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Дос Кредо” банктын кеңсесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:27де чектөөгө алып, саат 08:05де толугу менен өчүрүлдү.

Жалпысынан кеңсенин индеги бир бөлмөнүн 2 чарчы метри жана бир пластик терезе күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий