• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду - сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Г.Базарбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыгып, бир адам каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 27-февралда бир шаар тургуну турак үй ичинде бекилип калгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.

Жерине барган куткаруучулар үйдүн ичинен өрттөн жабыркаган 1959-жылкы С.В.К., аттуу адамдын сөөгүн таап, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.

Учурда каза болгон адамдын өлүмүнүн жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий