• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Павел Тигайдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда дайынсыз болуп, изделип жаткан жаткан 18 жаштагы Павел Тигайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бир күн мурун Аламүдүн РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Анын сөөгү Кайырма жана Ленин айылдарынын ортосунда табылган. Сөөктү кароо учурунда кандайдыр бир жаракаттар байкалган жок», - деп белгилешти милициядан.

Каза болгон адам буга чейин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан 2004-жылы туулган Павел Тигай экендиги аныкталды.

Ал 2022-жылдын 18-февралында Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ленин айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий