• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Жалал-Абаддагы жол кырсыгынан үч адам каза болуп, алтоо жабыркады

Кырсык 0

БИШКЕК, 08.08.17 /Кабар/. Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгынан үч адам каза болуп, үч адамга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, дагы үчөө ооруканага жаткырылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 8-августта Ош-Бишкек жолунун 487-чакырымында Жалал-Абад облусундагы Шамалдуу-Сай айылына жакын жерде болгон. “Хонда степвагон” үлгүсүндөгү унаа жүк ташыган унаа менен сүзүшүп, жыйынтыгында 6 адам жабыркап, үчөөсү көз жумду.

Жабыркагандардын тизмеси:

1. 1965-жылы туулган Б. Г., : төш клеткалары жабыркаган;

2. 1930-жылы туулган А. Г., : сол жак саны жабык сынган,

3. 1947-жылы туулган М. М., : оор шок алган жана ар кандай жаракаттарды алган.

Пикир

Оставить комментарий