• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажик бийлиги имамдарга 3 сантиметрден ашык сакал өстүрүүгө тыюу салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 08.08.17 /Кабар/. Тажик бийлиги имамдардын сакалынын узунудугуна чектөө киргизди деп жазат РИА “Новости”.

Райондук хукуматтын башчысы Салохиддин Раджабоздун айтымында, имамдардын сакалы 3 сантиметрден ашпашы керек, бул мамлекеттин салтына жана маданиятына туура келет.

Мындай жобо Тажикстанда 2012-жылы киргизилген. Ал эми эки жыл мурун республикада узун сакал койгондорго каршы чыккандар болгон. Анда укук коргоо мекемесинин кызматкерлери узун сакалчандарды кармап күч менен сакалдарын алышкан.

Пикир

Оставить комментарий