• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Самаркандда аялын кетмен менен өлөрчө сабаган тургун 18 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Самарканд облусунун Пайарык районунда аялын кетмен менен өлөрчө сабаган тургун 18 жылга соттолду. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жубайлар үйдүн ремонтунун узакка созулуп кеткенине байланыштуу урушуп кетишкен. Анын жүрүшүндө аялы кетмендин сабы менен күйөөсүн далыга чаап жиберген. Бул намысына тийгенин билдирген күйөөсү кетменди тартып алып, аялын чекеге урган. Ал жубайынын жыгылып калганына карабастан аны кетмен менен сабоону токтоткон эмес.

Андан соң кайын атасынын үйүндө жашап жаткан 30 жаштагы тургун качып кеткен. Аялдын жакындары аны ооруканага жеткиришкен, бирок ал өзүнө келбей каза болуп калган.

Көп өтпөй маркумдун күйөөсү райондук ички иштер бөлүмүнө өзү барып, аялын сабаганын мойнуна алган. Райондук сот аны жубайынын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратты.

Пикир

Оставить комментарий