• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алматыда менингит жуктурган жаңы учурлар каттала элек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Алматыда менингококк инфекциясын жуктурган сегиз бейтап дарыланууда. Бул тууралуу шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, алар менен ыктымал байланышта болгон 3 148 киши антибиотикалык дарылануудан өткөн.

«Чоңдордун жана балдардын инфекциялык ооруканаларындагы реанимация бөлүмдөрүндө бейтаптар жок. Акыркы сегиз күндүн ичинде Алматыда ооруну жуктуруп алган жаңы учурлар катталган жок», — деп жазылган мекеменин дүйшөмбү кечиндеги билдирүүсүндө.

Дарыгерлер буга чейинки күндөргө салыштырмалуу медицналык жардам сурап кайрылган адамдардын саны кыйла азайганын белгилешүүдө.

Жыл башынан бери Казакстанда бул ооруну жугузуп алган 59 адам катталса, алардын 13ү каза тапкан: Алматыда — 6, Алматы облусунда – 4, Түштүк Казакстан облусунда – 2 жана Кызылордо облусунда – 1.

Пикир

Оставить комментарий