• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 10-июль күнү Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган А. уулу С. сууга агып кеткен.

2018-жылдын 17-июль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн (АӨКБ) 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Панфилов райондук №2 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин №22 АӨКБдан 5 жана КР ӨКМнин Сокулук райондук №23 АӨКБдан 15 куткаруучу тартылган. КР ӨКМнен жалпы 45 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында, 2018-жылдын 17-июль күнү саат 15:38де маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлуп берилди.

Пикир

Оставить комментарий