• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Жазуу-Кечи айылында жыгач устундуу тунуке жабылган сарайдын 35 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 388-чакырымында “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын ички салону күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаны-Турмуш айылында жыгач устундуу шифер жабылган 12 чарчы метр бастырманын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий