• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коммерциялык банктар курман болгон эки чек арачынын үй-бүлөсүнө Бишкектен батир сатып берди

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Коммерциялык банктар Баткендеги кагылышуудан курман болгон эки чек арасынын үй-бүлөсүнө батир сатып берди. Бул тууралуу Кыргызстандын банктар бирикмесинен билдиришти.

Бишкектин борборундагы эки эки бөлмөлүү батирди сатып салууга 8,5 млн сом чогулган.

Каражаттарды «М Булак» микрокредиттик компаниясы, ЭкоИсламикБанк, ФИНКА Банк, Халык Банк Кыргызстан, Азия Банкы, «Бай-Түшүм» банкы, Кыргыз-Швейцария Банкы, Капитал Банк жана Кыргызкоммерцбанк бөлгөн.

Эки батир тең аскерлердин энелери Иманалива С.Б. жана Избасарова М.Н. атына жазылган.

Пикир

Оставить комментарий