• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Вице-премьер ИИМдин өздүк курамына министрдин жаңы орун басарларын тааныштырды

Коом 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин өздүк курамына министрдин жаңы орун басарлары Октябрь Урманбетов менен Эркебек Аширходжоев тааныштырылды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр Максат Мамытканов жана өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн башчысы Азамат Араев жаңы орун басарларды тааныштырды.

Аталган иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, министрликтин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Октябрь Урманбетов Ысык-Көл ОИИБдин башчысы кызмат ордунда 2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын январь айына чейин иштеген. Эркебек Аширходжоев ИИМдин тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы болгон.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев бул кызмат ордунда 2015-жылдан бери иштеп келген жана ИИМдин кадрлар карамагында болот.

Пикир

Оставить комментарий