• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөн жана Кара-Кулжа районунун акимдери кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Өзгөн жана Кара-Кулжа районунун акимдери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пункттуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Дыйканбаев Болотбек Жусупович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Мейматкулов Руслан Маматибраимович Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Ошондой эле Жапаров кол койгон дагы бир буйруктун негизинде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Дыйканов Примберди Аширбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий