• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Ысык-Көл облусу:

- Ысык-Көл райондук сотуна:

Акматова Мээрим Маматкадыровна;

Жусупбекова Космира Айтакуновна;

–Түп райондук сотуна:

Астаев Батырхан Алтынбекович;

– Тоң райондук сотуна:

Сыдыгалиева Асел Бабановна;

– Жети-Өгүз райондук сотуна:

Шаршеев Адилет Нуркамильевич;

– Бишкек шаары;

– Биринчи май райондук сотуна:

Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий