• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдеги авария: Кыш-күз мезгилине камданууда имараттар боюнча тапшырма берилген эмес

Коом 0

Бишкек, 28.03.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авария боюнча соттук процесс өтүүдө. Учурда айыпталгандардын бири - «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев сурак берүүдө.

Калиев 2017-2018-жылдардагы кыш-күз мезгилине камдануу планынын алкагында Бишкек ЖЭБне бир нече ирет барган.

“Май айында күз-кыш мезгилине камдануу боюнча токтом чыккан. Ошол токтомго жараша электр энергия менен камсыз кылуу, баардык министрлик жана ведомстволорго штаб түзүү жана суу-энергетика режимин аткаруу боюнча бир нече тапшырмалар берилген. Андан тышкары электр энергиясынын кубаттуулугун камсыз кылуу боюнча да тапшырмалар берилип, алар толугу менен аткарылган. 320 мегаватт аныкталган. Ал эми имараттар боюнча бир дагы тапшырма берилген эмес”, - деди Калиев.

Эскерте кетсек, былтыр 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан КРнын кылмыш Кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүндө (шалаакылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий