• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муфтий Токтомушев: Ар бир ажы башчы өзүнүн тобундагы 49 ажы үчүн жооп берет

Коом 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облусу жана Бишкек шаарынан ажы башчылыкка өткөн талапкерлер менен жолугушуп, ажы башчылык милдеттин лицензиясын тапшырды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, ажы башчылар менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий ар бир ажы башчы өзүнө бөлүнгөн 49 ажыга жоопту экендигин эскертип, алардын жаны, ден-соолугу аманат экендигин баса белгиледи. Муну менен катар Азирети Муфтий болочок ажыларга коопсуздук, ажылык амалдары жана Сауд Арабияда жүрүүнүн эрежелери боюнча алардын мыйзамдары жана эң оболуу ажылык амалдарын туура аткаруу боюнча сабактарды эртерээк уюштурууну милдеттендирди.

Ошондой эле Азирети Муфтий ажы башчылар ажылыкты уюштуруу боюнча штабка баш ийип, алардын тапшырмаларын өз убагында аткарууну эскертүү менен ажылыкты жогорку деңгээлде өткөрүп келүүгө чакырды.

«Ар бир ажы башчы өзүнүн тобундагы 49 ажы үчүн жооп берет. Ажы башчы болуу өтө жоопкерчиликтүү жана оор иш болуп саналат. Андыктан ар бириңиздер өз тобуңуздардагы болочок ажылар менен жакындан таанышып, алар үчүн коопсуздук, ажылык амалдардын туура аткарылышы жана ыйык жердеги амалдар боюнча сабактарды эрте баштап, алар менен ар убакта тыгыз байланышып туруңуздар. Сиздер болочок ажыларга баргандан келгенге чейин жоопту болосуздар, ошондуктан алардын ден-соолугун карап, эң башкысы ажылык амалдарын туура аткартууңар керек»,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Ал эми ажы башчылар менен болгон жолугушууда 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын башчысы Жоробай ажы Шергазыев жана КМДБнын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев быйылкы жылы болочок ажылардын коопсуздугу үчүн атайын программа иштелип чыккандыгын айтып, бул өз учурунда адашып же жоголуп кеткен ажыларды табууда өзгөчө салым кошоорун билдиришип, бул дагы болсо ажы башчылардын жумушун жеңилдеткендигин билдиришти. Муну менен катар алар ажы башчыларга тиешелүү документтерди тапшыруунун жол жоболорун үйрөтүшүп, иш кагаздар менен тааныштырышты.

Пикир

Оставить комментарий