• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Венада “Нооруз" майрамына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Австриянын Вена шаарында 13-март күнү “Нооруз" майрамына арналган иш-чара өттү. Иш-чара БУУ алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Венадагы кыргыз диаспорасынын колдоосу астында уюштурулган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, салтанаттуу аземдин ачылышында БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов жана дипломатиялык корпустун атынан Ирандын элчиси Казем Хабир Абади сөз сүйлѳшкөн.

Иш-чаранын расмий бѳлүгүнүн учурунда сахнадан ар ѳлкѳлѳр, анын ичинде Кыргызстан жѳнүндѳгү тартылган видео роликтер кѳрсѳтүлдү.

Андан тышкары, элибиздин тарыхы, маданияты, каада-салттары менен тааныштыруу максатында иш-чаранын жүрүшүндѳ Кыргызстандын кийизден, жибектен жасалган улуттук ар кандай буюмдарынын кѳргѳзмѳсү ѳттү.

Салтанаттын расмий бөлүгүнүн аягында келген коноктор Жаңы жылдын келишин билдирген, чыгыш элдердин меймандостугун чагылдырган ар түрдүү улуттук тамак-ашка мол болгон ар бир өлкөнүн үстөлдөрүнө чакырылды.

"Нооруз" майрамын майрамдоо аземине Вена шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Афганистандын, Азербайжандын, Ирандын, Ирактын, Индиянын, Казакстандын, Пакистандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Туруктуу өкүлчүлүктѳрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий