• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеңиш Разаков: Кыргыз-тажик тараптын тең маселени чечүү ниети бар - видео

Коом 0


Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан тараптын маселени чечиш керек деген жакшы ниети бар. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча пикирин айтып жатып билдирди.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүү үчүн эки өлкөнүн бийлик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Кыргызстандан ал сүйлөшүүлөргө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган топ жана Тажикстан тараптан кошуна өлкөнүн вице-премьер-министри Азим Иброхим баштаган өкүлдөр катышууда.

"Тажикстан тарап менен эки ирет сүйлөшүү өткөрдүк. Кыргызстан менен Тажикстан тараптын бул көйгөйлүү маселени чечиш керек деген жакшы ниети бар. Эки элдин арасында радикалдуу, терс ойлор жок", - деди Жеңиш Разаков.

Ал белгилегендей, бул окуяны териштирүү үчүн биргелешкен топ иш алып барат.

Эскерте кетсек, 13-март күнү саат 15:30да Кожогар аймагында Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Баткен облусундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.

Эки өлкөнүн чек арасында 200гө чукул адам чогулуп, кайым айтышуулардан кийин бири-бирине таш ыргыта баштаган. Окуя жерине эки өлкөнүн чек арачылары келип, чырды токтотуп калышкан.

14-март күнү да чек арада кайра чыр чыккан.

Учурда, маселени чечүү үчүн эки кошуна мамлекеттин бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий