• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңеш түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасынын алдында ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Кеңештин максаты - мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандык коом жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен биргеликте ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча күч-аракеттерди уюштуруу жана бириктирүү боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн туруктуу натыйжалуу механизмин куруу болуп саналат.

Кеңеш – кеңештин төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү курамында түзүлөт, анын курамына бизнес коомчулугунун өкүлдөрү дагы кирет.

Учурда кеңештин курамы түзүлүп жаткандыгына байланыштуу бизнес коомчулуктун өкүлдөрүн Кеңештин курамына тандоо жана киргизүү үчүн арыздарын (заявка) төмөнкү критерийлер боюнча жөнөтүү керек:

а) бизнес коомчулугунун өкүлү - ар кайсыл тармакта иштеген, мүчөлүк төлөмдөрдү төлөгөн, ошондой эле акыркы 5 жылдан кем эмес убакытта расмий документтер жана массалык маалымат каражаттары боюнча байкоо жүргүзүүгө мүмкүн болгон ишмердүүлүк тарыхка ээ, 20дан кем эмес мүчөнү бириктирет жана эң көп көрсөткүчтөргө ээ болушу зарыл;

б) бизнес коомчулугунун өкүлү кеңештин алкагында ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн эксперттик потенциалга жана инфраструктурага ээ;

в) бизнес коомчулугунун өкүлүнүн өзүнүн офиси бар жана мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн штатка ээ;

г) бизнес коомчулугунун өкүлү юридикалык жакты түзбөстөн, бирок анын уставы, протоколу жана бизнес-ассоциациялардын маалыматтар базасына ээ болушу милдеттүү болгон, бизнес-ассоциациялардын бирлиги же альянсы болушу мүмкүн.

"Бизнес коомчулуктун өкүлдөрүн кеңештин курамына тандоо жана киргизүү үчүн сунуштамаларды эки жуманын ичинде 2022-жылдын 7-февралына чейин (акыркы күн) prokkorgoo@mail.ru электрондук почтасына жиберүүнүздөрдү суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Суроолор боюнча 0312 54-27-46 телефон номерине кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий