• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Футбол: Кыргызстан Дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы атаандашын июлда билет

Спорт 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы атаандашын 17-июлда билет. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Тандоо туру төрт этаптан турмакчы. Кыргызстан экинчи этаптан баштап катышат, анда 40 команда 8 топко бөлүнүп (ар бир топто 5 команда) бири бири менен ойнойт.

Экинчи этапта чүчү кулак тартуу 17-июлда өтөт.

Ал эми үчүнчү этапка 12 курама чыгып, Дүйнө чемпионатына чыгуу үчүн ойношот.

Экинчи этаптан баштап тондоо оюндарына катыша турган командалар: Кыргызстан, Австралия, Афганистан, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираты, Вьетнам, Гонконг, Иран, Ирак, Индия, Иордания, Индонезия, Йемен, Катар, Кытай, Кувейт, Ливан, Мьянма, Мальдивы, Непал, Оман, Палестина, Сирия, Сауд Арабия, Сингапур, Түштүк Корея, Түндүк Корея, Таиланд, Таджикистан, Тайбэй, Туркменистан, Япония, Өзбекистан, Филиппины.

Эске салсак, кийинки футбол боюнча планета биринчилиги 2022-жылы Катарда болот.

Пикир

Оставить комментарий