• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКО-2019: Ош-Нарын 12:0, Бишкек-Ысык-Көл 5:4, алгачкы күндүн жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Талас шаарынын Р. Алканов атындагы ат майданында өткөрүлүп жаткан көк-бөрү оюнунун биринчи күнүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Алгачкы күндүн жыйынтыгында Ош облусу Нарын облусун 12:0 эсебинде утуп алды. Бишкек шаары Ысык-көл облусун 5:4 эсебинде артта калтырса, Чүй облусу Баткен облусун 12:2 ири эсебинде жеңип алды.

Чучукулактын негизинде көк-бөрү оюнунда 9 команда ат салышууда. Алар үч топко бөлүнгөн.

Оюндардын жүгүртмөсү:

«А» тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;

«В» тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;

«С» тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары.

17-сентябрга карата программа:

10:00-11:30 – Талас – Нарын;

11:30-13:00 – Жалал-Абад – Ыссык-Көл;

13:00-14:30 – Ош шаары – Баткен.

Пикир

Оставить комментарий