• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ювентус" командасы "Португа" утулуп, Чемпиондор лигасынын чейрек финалына өтпөй калды

Спорт 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттешинде "Ювентус" менен "Порту" командасы оюн өткөрдү.

Алгачкы беттеште "Ювентус" 2:1 эсебинде жеңилүү ызаасын тарткан. Жооптук беттеш 3:2 эсебинде италиялык команданын жеңиши менен аяктады.

Эки оюнду кошкондо жалпы эсеп 4:4 болду. Бирок "Порту" жооптук беттеште көбүрөөк гол (2 гол) киргизгендиктен Чемпиондор лигасынын чейрек финалына өттү.

Ошондой эле Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттешинде "Боруссия" менен "Севилья" командалары беттешти. "Боруссия" 5:4 (жалпы эсеп) эсебинде атаандашып утуп, кийинки баскычка өттү.

Пикир

Оставить комментарий