• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Канат Шабданбаев италиялык футбол клубунун мурдагы оюнчусу Карло Барафани менен жолугушту

Спорт 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-мартта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев “Перуджа” италиялык футбол клубунун мурдагы оюнчусу Карло Барафани менен жолугушту.

Аталган агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков катышты.

Карло Барафани Кыргызстанга жакында көчүп келгенин айтты. Ал бул жерде балдардын футболун өнүктүрүү менен алектенип, жаш футболчуларды машыктыруу менен бул спорттун түрүн кенен жайылтууну кааларын билдирди.

“Сиз менен кызматташууга биз кубанычтабыз. Тажрыйбаңыз кыргыз футболу үчүн сөзсүз пайдалуу болот. Улуттук футбол федерациясы менен да жолугушуу уюштуруп, кийинки кадамдардын планын талкуулоо керек”, – деди Шабданбаев.

Пикир

Оставить комментарий