• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчу жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 12.11.23./Кабар/. Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курама командасынын мүчөсү Эрали Аскарбек уулу Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 62 кг чейинки салмакта катышып, жалпысынан беш кармаш өткөрүр, баарында тең жеңип чыккан. Ал эми финалдык беттеште орусиялык балбанды жеңип, алтын медалдын ээси болду.

Эскерте кетсек, профессиналдар арасында жиу-житсу боюнча 15-Дүйнө чемпионаты 5-10-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп, ага 127 өлкөдөн келген 7 миң спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий