• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстандык спортчулар бокс боюнча Болгарияда өтчү эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 04.02.24./Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы "Странджа Кубогу-2024" аталышындагы эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Мелдеш Болгариянын София шаарында 4-12-февраль күндөрү өтөт.

Мелдештин алгачкы күнүндө 54, 60, 71 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.

54 кг чейинки салмакта Руслан Эрнест уулу казакстандын мушкери менен беттеш өткөрөт.

60 кг чейинки салмакта Рысбек Бектенов грециялык мушкер менен, 71 кг салмакта Элдар Турдубаев монголиянын мушкери менен беттешет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий