• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдин бузулган имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырмасын берди

Өкмөт 0

Бишкек, 04.02.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө ЖЭБди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

Энергетика министри борбор калаанын ЖЭБинде 4-февралга карата дагы бир от казан кошумча ишке киргизилгендигин билдирди. Жалпысынан учурда 8 от казан, 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун агымы 40 градустан 61 градуска чейинки температурада.⠀

Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин айтымында, алдын ала маалымат боюнча, 15 миң чарчы метр чатыр жарактан чыгып, бүгүнкү күндө 4300 чарчы метрден ашууну калыбына келтирилген.

Министрлер кабинетинин башчысы бузулган имараттарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тапшырма берип, «жарым жартылай аракет жарабайт» деп белгиледи.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы борбор калаанын ЖЭБин модернизациялоого багытталган иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий