• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт: Жалал-Абадда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысы көзөмөлгө алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көзөмөлгө алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө эркектин аялды кордоп жаткан видеосу тараган.

Бул үй-бүлөлүк зомбулук фактысы дүйшөмбү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралат.

Маалымдама: 2012-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш гендердик өнүгүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну координациялаган, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий