• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Витязь» МИ Маданият министрлигинин балансына өткөрүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун алдындагы «Витязь» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү» тууралуу Мыйзамынын 32 беренесине ылайык, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жыл сайын мамлекеттик дарылануу-профилактикалык мекемелерде милдеттүү түрдө бекер амбулатордук медициналык көзөмөлдөн өтүшү керек. Анткен менен учурда Маданият маалымат жана туризм министрлигинде өз кызматкерлерин бекер амбулатордук медициналык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн дарылануу-профилактикалык мекемеси болгон эмес.

Муну эске алуу менен, «Витязь» мамлекеттик ишканасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий