• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Т.Сарпашевдин иши боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иш мөөнөтү 10-апрелге чейин узартылды

Өкмөт 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Т.Сарпашевди кызматынан бошотуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунушун карап чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши 2017-жылдын 10-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо аппараты билдирди.

Бүгүнкү күндө КР премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 10-февралындагы буйругу менен Тайырбек Сарпашевди КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотуу тууралуу Башкы прокуратуранын 2017-жылдын 9-февралындагы сунушун талдап чыгуу максатында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы тарабынан бир нече кеңешме өткөрүлдү. Алардын натыйжасында иштин жагдайларын ар тараптуу жана дыкат иликтеп, комиссиянын акыркы бүтүмүн даярдоо максатында кошумча документтерди суратып алып келүү зарылдыгы келип чыкты.

Буга байланыштуу, КР премьер-министринин 2017-жылдын 10-февралындагы буйругун аткаруу мөөнөтү 2017-жылдын 10-апрелине чейин узартылды.

Эскерте кетсек, КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жетектеген тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу комиссияга бир айлык мөөнөттө КРнын Башкы прокуратурасынын сунушун талдап чыгып, КР премьер-министрине сунуштоо тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий