• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Вице-премьер Өмүрбекова өспүрүмдөр арасындагы суицид маселесине көңүл бурду

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жайкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо жана балдардын суицидинин алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Жайында балдар каникулга чыгып, сууга түшүп, күнгө күйүп гана жыргап эс албастан, алар үчүн тобокелдиктер да жогору. Балдар жайкысын лагерлерге эс алууга, көлмөлөргө, сууларга түшкөнү барышат. Мунун баарынын бир топ коркунучтары бар», – деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, коомчулукту балдардын коопсуздугу маселелерине тартуу, колдо болгон бардык аянттарды, анын ичинде социалдык тармактарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу, алар аркылуу ата-энелер жана балдар үчүн коопсуздук чараларын эскертүүчү социалдык билим берүү роликтерин көрсөтүү зарыл.

«Бул чараларды ыкчам тартипте ишке ашыруу керек, себеби ата-энелер күнүмдүк иштер менен алек, балдар көбүнесе өздөрү менен өздөрү. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети – эс алуу учурунда балдардын коопсуздугун максималдуу камсыздоо. Балдар менен жайкы лагерлер гана эмес, жер-жерлерде спорттук иш-чаралар, билим берүү ийримдери, китепканалар, жайлоо-бала бакчалары иштөөгө тийиш», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр өспүрүмдөр арасында суицид маселесине өзгөчө көңүл бурду, балдарды өз өмүрүнө кол салууга түрткөн негизги себептер атан-энелери жана туугандары менен урушуу, улуулар тарабынан көңүл буруу жана түшүнүүнүн жоктугу, бактысыз сүйүү болуп саналат.

Анын айтымында, буга байланыштуу «Тез байланыш – 111» ишин активдештирүү керек, балдар квалификациялык жана психологиялык жардам алыш үчүн кайда телефон чалууга болорун билиши кажет.

Балыкчы шаарындагы үйлөтүлгөн батут оодарылып кетип, натыйжада балдар жабыркаган сыяктуу кырсыктарга жол бербеш үчүн Экологиялык жана техникалык инспекциянын адистери бардык эс алуу жана оюн-зоок жайларын текшерүүгө тийиш.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартууну жана калк арасында ата-энелер менен балдарга коопсуздук чаралары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

«Милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, медиктер тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү үчүн жарандар менен үзгүлтүксүз жолугушууларды уюштуруп туруу зарыл. Балдар үчүн мүмкүн болгон тобокелдиктерди эске алып, ата-энелердин көңүлүн бурдуруу керек», – деди ал.

Белгилей кетсек, кеңешменин жүрүшүндө балдарды активдүү эс алуунун бардык түрү менен болушунча камтуу шарттарын түзүү боюнча ар кыл пикирлер айтылды.

Мындан тышкары балдар эс алган жерлерде (суу объекттери, балдар аянтчалары) рейддик иш-чараларды өткөрүү, балдардын коопсуздугу боюнча калк арасында маалымдоо тууралуу медиа-план түзүү, белгилүү адамдарды тартуу, ыктыярчылар кыймылын түзүү, чогулуштардын катышуучуларына брошюраларды жана маалымат баракчаларын таратуу тууралуу айтылды.

Ата-энелерди жана балдарды эс алуу учурундагы коопсуздук чаралары тууралуу маалымдоонун натыйжалуу каражаттары катары смс-билдирүү, коммуналдык төлөмдөр үчүн эсеп-дүмүрчөктөрдүн жана чектердин арткы бетинде тийиштүү маалыматты чыгаруу аталды.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей, алар өрт коопсуздугу жана сууда өзүн алып жүрүү эрежелери тууралуу роликтерди даярдашкан жана бул материалдар республикалык жана аймактык телеканалдарга берилет.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жай мезгилинде балдардын коопсуздугу боюнча «Коопсуздук үчүн бирге» Ыкчам иш-чаралар планын иштеп чыгууну тапшырып, биздин жалпы максатыбыз балдардын каникулун болушунча жагымдуу, коопсуз жана кызыктуу уюштуруу экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий