• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара чыры: Жумушчу топ жерлерди алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришти

Өкмөт 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын топографиялык жумушчу тобу кечээ эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын вице-премьер-министрлеринин жолугушууларынын натыйжасында кол коюлган протоколдун пункттарынын бирин аткаруу боюнча ишке киришти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, топографиялык жумушчу топко 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстан Республикасынын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Топографиялык жумушчу топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өтөт.

Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына тиешелүү материалдар иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий