• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 04.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менне телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маектештер кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Казакстандын ТИМ башчысы Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу казак тарап зарыл болгон учурда кыргыз тарапка гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий