• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Туманбаев: "Гознак" ишканасы толугу менен мамлекетке өттү

Коом 0

Бишкек, 04.02.24./Кабар/. Мамлекеттик маанидеги бардык документтерди басып чыгаруу укугун алган "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коому толугу менен мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган ишканада 65% мамлекеттин үлүшү болгону менен ушул кезге чейин өлкө казынасына дивиденд төкпөй келген.

"Анткени туунду компанияларды ачып алышып, мамлекеттин үлүшүн ар кандай жол менен төлөбөй жүрүшкөн", — деди ал.

Туманбаев "Гознак" ишканасырыр ишмердүүлүгү менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды бергендигин кошумчалады.

"Мындан ары "Гознак" ЖЧКсы "Учкун" мамлекеттик мекемесинин карамагында болуп, өлкө кызыкчылыгы үчүн иштейт", — деп жыйынтыктады президенттин иш башкармалыгы.

Пикир

Оставить комментарий