• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мектептердин биринде баңгизаттардын зыяндуулугу боюнча чогулуш өттү

Коом 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкектеги №6 мектеп-гимназиясында ата-энелер үчүн чогулуш өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чогулуш Биринчи май райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте "Дарыканага көз карандылык" жана "Адамдын организмине баңги жана башка каражаттарды колдонуунун кесепеттери" темада өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты бул ата-энелердин көңүлүн балдарга, алардын өткөрүү убактысына буруу, ошондой эле психоактивдүү заттарды колдонууга шектенүүлөрдү аныктоону айтып берүү болуп саналат.

Өз сөзүндө БМЖККК кызматкери Бишкек шаарындагы бүгүнкү баңги кырдаалы, жаңы психоактивдүү заттар жана алардын жайылуу тенденциясы кандай өзгөргөндүгү тууралуу маалымат берди.

Зыяндуу заттарды колдонуунун алдын алуу бүгүнкү күндө жалпы күч-аракетти талап кылат деп ИИМдин Бишкек шаары боюнча БМЖККК башкармалыгынын башчысынын орун басары Акыл Жоробаев белгиледи.

Ата-энелер өспүрүмдөр арасында электрондук тамекинин кеңири жайылышына тынчсызданышты. Баңгизаттарды алдын алуу боюнча толук кандуу маалымат алуу үчүн ата-энелерге БМЖККК тарабынан иштелип чыккан видео тасмалар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий